Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:03

Миландын соту Берлусконинин өкүмүн жокко чыгарды


Италиянын апелляциялык соту мурдагы премьер-министр Силвио Берлускониге чыгарылган өкүмдү күчүнөн кетирди. Төмөнкү инстанциядагы сот аны кызматынан кыянат пайдаланган жана жашы жетелек сойку менен жыныстык катнашта болгон деп айыптап, 7 жылга абакка кескен. Жана саясий кызмат ээлөөгө тыюу салган. Прокуратура Милан сотунун чечимин Жогорку кассациялык сотто талаша алат. Экс-премьер салыктарды жашырганы үчүн да айыпталып, Альцгеймер менен ооругандардын борборунда коомдук иштерге тартылган.

 

 

XS
SM
MD
LG