Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Эл аралык байкоочулар учак кырсыгы болгон жерге өтүүгө аракеттенүүдө


Эл аралык байкоочулар Украинадагы учак кырсыгы болгон жерге өтүү аракетин жасоодо. АКШ президенти Барак Обама ал учак орусиячыл жикчилер турган аймактан ракета менен атып түшүрүлгөнү тууралуу маалымат бар экенин билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 298 адамдын өмүрүн алган бул каргашалуу окуя боюнча "толук, так жана көз каранды эмес эл аралык иликтөө жүргүзүлүшү керектигин" кечээ айтты.

Кечээ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочуларын орусиячыл жикчилер учак кулап түшкөн жерге өткөрбөй койгон болчу.

17-июлда Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан малайзиялык "Боинг 777" Украинанын Донецк аймагынын үстүнөн учуп баратканда кырсыкка учураган. Аймакта украин армиясы менен жикчилердин урушу жүрүп жатат. Эки тарап бири-бирин учакты атып түшүргөндүгү үчүн айыптоодо. Борттогу 298 киши набыт кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG