Украинада кыйраган малайзиялык учактын "кара жашиктери" өлкөдөн чыга элек. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин билдирди. Ал мындай кырсыктарды иликтөөнүн стандарттык ыкмасы бар экенин эскертип, Жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун, рейске байланыштуу эки өлкө - Голландия менен Малайзиянын жана учак жасалган өлкө - АКШнын өкүлдөрү кире турган комиссия түзүлүп жатканын айтты.
17-июлда Голландиядан Малайзияга учуп бараткан Боинг 777 Украинанын аба мейкиндигинен соокку алып кулап түшкөн. Ичиндеги 298 адамдын бири да аман калган жок. Алардын көбү голландиялык жарандар болчу.
Кечээ 182 сөөк табылганы айтылды. Орусиячыл жикчилер Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрүн кырсык болгон жерге кечээ өткөрбөй койду. (RK)