Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Ош менен Жалал-Абаддын жылуулук борборлору көмүргө өткөрүлөт


Ош жана Жалал-Абад облустарындагы төрт жылуулук электр борбору келерки кышта толугу бойдон көмүр жагууга өтөт. Бул үчүн 17 млн сом каралганын өнөр жай жана энергетика министри Осмонбек Артыкбаев өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда билдирди.

- Ал эми Жалал-Абад шаарындагы газ куурларын жана жылуулук тармагын оңдоого 42 млн сом каралууда, - дейт министр.

Ошондой эле, Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, Ош шаарында буга чейин электр энергиясын колдонуп келген 23 жатакананы быйыл борбордук жылытуу системасына кошуу аракети көрүлүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG