Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны коло медал алды


Бул күндөрү Словакиянын Снина шаарында уландар жана кыздар арасында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты жүрүп жатат. 18-июлда Кыргызстандан 4 балбан кыз күрөшкө чыгып, алардан 40 кг салмактагы Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Динура Сулайманова алгач белорус спортчусун жеңип алды. Чейрек финалда ал жапониялык балбан кызга аз упай айырма менен алдырып койду. Бирок жапон спортчусу финалга чыккандыктан Динурага коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ал үчүнчү орун үчүн румыниялык атаандашын утуп, коло байгелүү болду.

Ал эми уландардан Кыргызстандын намысын алты балбан коргоп, алардын үчөө бүгүн күрөшүүдө. 42 кг салмакта Айбек Токтогул уулу грузиялык Георгий Хачидзе менен күч сынашканы турат. 50 кг салмакта Бектурсун Каныбек уулу израилдик балбан менен, 69 кг салмактагы Атай Изабеков монгол спортчусу менен таймашка чыгат.

Словакиядагы дүйнө чемпионаты 20-июлда жыйынтыкталат. Мурдагы күнү грек-рим күрөшүнөн кыргызстандык балбандар 1 күмүш, 2 коло утуп, командалык эсепте төртүнчү орунду ээлеген. (КМа)

XS
SM
MD
LG