Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58

Жалал-Абадда төрөткананын жери талашка түштү


Облустук төрөткананын жанына курулчу перинаталдык борбордун жер аянты талашка түштү. Курулушу бүтпөгөн имараты менен бирге төрөткана аймагындагы 15 сотых жер кезинде жеке менчикке сатылып кеткен.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасынын директору Аман Нуралиев билдирди. Германиялык өнүктүрүү банкы аркылуу 6,3 млн. еврого каржыланган долбоор жер маселесинин айынан ишке ашпай турат.

Оорукана абалы менен жакындан таанышкан Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева: “Эгер курулуш башталбаса каражат башка жакка которулуп кетиши мүмкүн, ошол себептүү жергиликтүү бийлик көмөк көрсөтүшү керек. Мен бул багытта Жогорку Сотко да маалыматтарды топтоп, өз алдымча кайрылам”, - деди.

Жалал-Абад облустук төрөтканасында жыл сайын 7 миңге чукул наристе төрөлөт жана 1260 кызматкер эмгектенет. (RsK)

XS
SM
MD
LG