Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

"Тазалык": Бишкекти таштандыдан арылтууга күч жетишсиз


Башкалааны таштандыдан убагында арылтуу үчүн атайын техникалардын жана жумушчулардын саны жетишсиз болуп жатат.

Мындай маалыматты “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Замирбек Асанбаев билдирди.

- Шаардагы таштандыларды убагында чыгарып туруу үчүн дагы 350 атайын техника жана 1500гө жакын жумушчу керек. Биздин азыркы мүмкүнчүлүк 500 миңге жакын адамды тейлөөгө гана жетет. Шаар калкынын саны миллиондон ашты. Ушул себептүү таштандыларды чыгарып жетише албай жатабыз,- деди Асанбаев.

“Тазалыктын” башчысы Бишкек жумалап алынбай жаткан таштандылардан толугу менен арылганын жана мындан кийин бул көрүнүш кайталанбай тургандыгын убада кылды.

Акыркы убактарда шаар көчөлөрүндөгү таштандылардын убагында тазаланбай жатышы кооомчулукта биртоп нааразылыктарды жараткан.

“Тазалык” ишканасында 1600гө жакын жумушчу жана 150дөй атайын техника кызмат кылат. (UEz)

XS
SM
MD
LG