Жогорку Кеңештин имаратынын алдына Аламүдүн районундагы жер тилкелеринин сатылышына каршы чыккан 30га чукул адамды милиция кармап кетти. Окуяга көз салып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, акция катышуучуларын автобус менен белгисиз жакка алып кетишти.
Бишкек шаардык милициясынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, алар Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди. Учурда түшүндүрмө берип жатышат.
Акцияга чыккандар Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы 42 гектар жерди Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков мыйзамсыз кестирип алып, жер тилке катары сатып жатканын айтууда. Митингчилер жерди андан кайтарып алууну талап кылып чыккан болчу.
Нааразылык акциясынын талаптары боюнча Самаковдун өзүнүн пикирин билүү азырынча мүмкүн болбой жатат. (UA/BkA)