Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

БУУнун Коопсуздук кеңеши Газадагы кырдаалга тынчыздануу билдирди


Ооруканага алынып келинген палестиналыктар. Газа, 20-июль, 2014-жыл.
Ооруканага алынып келинген палестиналыктар. Газа, 20-июль, 2014-жыл.

Муну менен катар Коопсуздук кеңеши Газада ок атышууну тезинен токотууга чакырды.

Кеңештин чукул жыйыны алдында БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Газа секторунда Израилдин артиллериялык аткылоолорунан ондогон палестиндердин өмүрү кыйылышын “ырайымсыздык” деп атаган эле.

Катарда сапарда жүргөн жеринен Пан Ги Мун да урушту тезинен токтотууга үндөдү. Уруштун кечээги, 13-күнү эң кандуу болуп, жүздөн ашуун палестиналык жана 13 жөөт аскери каза тапты.

Ал эми жалпысынан уруш башталгандан бери 500дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Газа секторундагы кризисти талкуулоо үчүн бүгүн АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Каирде Египеттин бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн жатат. (UE)

Бул аралыкта Израилдин БУУдагы элчиси ХАМАСтын куралдуу канатынын жөөт аскерин барымтага алдык деген ырастоосун төгүндөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG