Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Украин күчтөрү менен жикчилер Донецкте кагылышты


Бул тууралуу орусиячыл жикчилер билдирүүдө. Өзүн өзү жарыялаган “Донецк Элдик республикасынын” өкүлү Сергей Кавтарадзенин айтымында, шаарга украин күчтөрүнүн кеминде төрт танкы менен брондуу техникасы келген.

Уруш шаардын темир жол станциясы айланасында жүрүп жатат. Ал аймактан жардыруулардын үнү угулуп, уюлгуган кара түтүн чыкты.

Мунун алдында Донецк шаардык кеңеши билдирүү таратып, тургундарды үйүндө калууга, урушка байланыштуу айрым чоң жолдордон оолак болууга чакырган эле.

Украинанын аскерий өкүлдөрү Донецкте операциянын “активдүү фазасы” жүрүп жаткандыктан, азырынча комментарий берише албасын айтууда. (UE)

XS
SM
MD
LG