Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Украина учак кыйрашы боюнча тергөөнү эл аралык эксперттерге берет


Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Арсений Яценюк  билдирди. Анын айтымында, Киев малайзиялык учактын 17-июлдагы кыйроосу боюнча тергөөнү “батыштык өнөктөштөр” координациялоосуна мүмкүндүк берет.

Яценюк кошумчалагандай, учурда кырсык болгон жерден 298 жүргүнчүнүн 272синин сөөгү алынды. Украина  сөөктөрдү Амстердамга соттук-медициналык экспертизага  жөнөтүүгө даяр. Учак кыйраганда курман болгон 298 кишинин 192си Нидерланддын жарандары. 

Украин өкмөт башчысы белгилегендей, Киев учакка ракета, балким, БУК-М1 системасынан атылган ракета тийди деген ишенимде турат жана украин аскерлерине каршы Москва курал берип машыктырган жикчилер күрөшүүдө.

Украин өкмөт башчысынын алдында орус президенти Путин бүгүнкү билдирүүсүндө “эгер 28-июнда Украинанын чыгышында уруштар кайра жанданбаганда бул трагедия болмок эмес” деп ырастаган. 

Путиндин пикиринде, трагедияны “чайкоочулук максатта” колдонууга эч кимдин укугу жок. (UE) 

 

XS
SM
MD
LG