Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Соттогу чыр үчүн камалгандардын жакындары тергөөгө нааразы


Жумгалдагы сотто башаламандык уюштурган деп камалгандардын жакындары бүгүн жыйын өткөрүп, тергөөнүн жүрүшүнө нааразылык билдирди. Алар терөө акыйкат жүрбөй жатат деген пикирде. Камактагы 16 адамдын жакындары ачкачылык кармаганын, митингге чыкканын, бирок эч натыйжа болбогонун айтып, бүгүн ички иштер министрлигине кайрылуу жолдоду. Жыйынга милиция өкүлдөрү да катышты.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү жергиликтүү үч милиционерге кылмыш иши козголгон. 20-февралда окуя боюнча сот жараянында жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркагандардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда жоголгон үчүнчү милиционердин сөөгү 3 айдан кийин табылган.

Май чачып кол салган деп айыпталган 16 киши тергөө абагында жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG