Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Жикчилер кыйраган учактын "кара кутуларын" Малайзияга өткөрүп берет


Бул тууралуу Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак маалымдады. Анын кабарчыларга Куала-Лумпурдан айтканына караганда, орусиячыл жикчилер кыйраган учактын эки кара кутусун тең ушу тапта Украинада жүргөн малайзиялык тергөөчүлөргө өткөрүп берүүгө көнүштү.

Малайзия өкмөт башчысы кошумчалагандай, орусиячыл козголоңчулардын лидери Александр Бородай менен жетишилген макулдашууга ылайык, эл аралык иликтөөчүлөрдүн учак кыйраган жерге баруусунун да коопсуздугу сакталат.

Учак кыйраганда курман болгондордун сөөгү Харьков шаарына поезд менен жөнөтүлдү. Ал жерден Нидерланд бийликтерине берилген жатат.

Украин бийликтеринин айтымында, азыркыга дейре 298 жүргүнчүнүн 282нин сөөгү табылды. Учак кыйраганда мерт болгон 298 адамдын 192си Нидерланд жарандары.

Украин өкмөтү жана Батыш өлкөлөрү учак ракета менен атып түшүрүлгөн деген ишенимде турушат. (UE)

XS
SM
MD
LG