Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Чоң-Алайда каза болгон украиналык альпинисттин сөөгү мекенине жөнөтүлдү


Ленин чокусуна чыгып баратып, жарым жолдо жүрөгү кармап кокусунан каза болуп калган украиналык альпинист Дмитрий Сапуновдун сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чоң-Алай райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Калбердиев билдирди.

17-июль күнү 7 миң метрден ашуун бийиктиктеги Ленин чокусуна чыгып баратып, 5 миң метрдей жогору көтөрүлгөн учурда альпинисттин жүрөгү кармап, каза тапкан. Жергиликтүү милиция жана куткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн жардамы менен маркум Ош облустук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилген болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG