Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Кыргызстан сириялык 25 кишиге башпаанек берди


Соңку үч жылда 30га жакын сириялык жаран качкын макамын сурап кыргыз өкмөтүнө кайрылды. Алардын 25ине башпаанек берилди. Өлкөсүндөгү башаламандыктардан улам Кыргызстанга келгендердин басымдуу бөлүгү балалуу аялдар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Сарыбаев билдирди.

Чыгыш Украинадагы кырдаалга байланыштуу да 3 киши Кыргызстандан башпаанек алууга арыз жазды. Алардын документтери текшерилип жатат. Ал эми соңку 20 жыл ичинде Ооганстандан качып келип, мыйзамдуу жашап жаткандардын саны 123кө жетти.

Алардын баары эл аралык уюмдар аркылуу кайрылган. Турак-жай жана тамак-ашына БУУ жардам көрсөтүп жатат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, качкын болуп келгендер окууга жана медициналык жардам алууга укуктуу. (SE)

XS
SM
MD
LG