Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Батыровдун мүлкүн мамлекетке өткөрүү боюнча комиссия иштей баштады


Кадыржан Батыровдун мүлкүн мамлекетке өткөрүү боюнча Жалал-Абад облустук администрациясында комиссия иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук бийликтен кабарлашты. Комиссия Батыровго тиешелүү деген мүлктү дагы бир сыйра тактап, аны биротоло мамлекетке өткөрүүнү камсыздап бериши керек.

Өкмөт соттун чечимине таянып быйыл 17-июлда Батыровдун 28 объектин мамлекеттин карамагына өткөрүү токтомун кабыл алды. Сот департаментинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Абдулхаким Таштемировдун айтымында, Сузак райондук сотунун 2012-жылдагы чечими менен Батыровдун үй-мүлкү конфискацияланган. Жалал-Абад облусунун аймагындагы 27 объект өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө берилсе, бирөө Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы жүрөк-кан тамыр илимий-изилдөө борбору менен Сот департаментине өткөрүлдү.

Батыров 2010-жылдагы июнь окуясында массалык башаламандык уюштурган деп сыртынан соттолгон. Ал өлкөдөн чыгып кеткендиктен ага эл аралык издөө жарыяланган. Бирок өзү айыптоонун баары негизсиз экенин чет элдик маалымат каражаттарындагы интервьюларында айткан. (RsK)

XS
SM
MD
LG