Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Апрель окуясы боюнча сотто жабыркагандардын көрсөтмөсү угузулууда


Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунда 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сот өкүмүн угузуу уланууда. Бүгүн ишти карап жаткан судья Дамир Оңолбеков жабыркаган тараптын көрсөтмөлөрүн окуп жатат. Кечээ өкүмдү угузуу үч күндө бүтөөрү айтылган, бирок андан да узап кетиши мүмкүн экени айтылууда.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталганына 3,5 жылдан ашты. Материалдардын жалпы көлөмү 64 томго жетти. Айып мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган 28 адамга тагылган. Алардын арасында мурдагы бийлик учурундагы мамлекеттик жогорку кызматкерлер, “Альфа” атайын кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын офицерлери бар. Буга чейин прокуратура Бакиевдерди өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну сураган.

300дөн ашуун адам жабыркагандардын тизмесинде. Тараптардын кызыкчылыгын коргогон адвокаттардын жалпы саны 20дан ашат. Мамлекеттик айыптоочу катары ишке 7 прокурор тартылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG