БУУнун Коопсуздук кеңеши малайзиялык учактын Чыгыш Украинада кыйроосун айыптаган резолюцияны бир добуштан бекитти. Ал куралдуу топтордон эл аралык эксперттерди авиалайнер кулап түшкөн жерге чектөөсүз өткөрүүнү, коопсуздугун камсыздоону жана жоопкерлерди жазалоону талап кылды.
Австралия сунуш кылган резолюция Орусияны добуш берүүгө көндүрүү үчүн бир аптага созулган жигердүү сүйлөшүүлөрдөн соң гана кабыл алынды. Добуш берүүнүн алдында Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин:
- Текст биз колдогондой болуусу үчүн аны жетишерлик жакшырта алдык, - деп билдирди.
АКШнын элчиси Саманта Пауэрдин айтымында, "Орусия козголоңчуларга кысым жасап, эл аралык эксперттерди кырсык болгон жайга коё бердирсин" деп резолюцияга жазуунун кереги жок болду.
АКШ жана союздаштары 298 адамы бар авиалайнердин кыйроосу үчүн орусиячыл жикчилдерди күнөөлөшкөн.