Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:24

Жумабеков: Келдибековго сотко араба менен барууга уруксат берилген


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков дарыланып жаткан Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди. Анын айтымында, Келдибековдун ден соолугун азыр орто деп баалоого болот. Бешинчи жолу операция жасоо боюнча так чечим кабыл алына элек. Ал эми дарыгерлер аны сотко араба менен барууга уруксат беришкен.

- Бирок сотко барабы же барбайбы, ал бейтап өзү чечим кабыл алат, - деди Жумабеков

Буга чейин Акматбек Келдибеков үч жолу сотко келген эмес. Анын адвокаттары муну саламаттыгы начарлап, бешинчи жолу операция күтүлүп жатканы менен түшүндүрүшкөн. Мамлекеттик айыптоо болсо депутаттын ден соолугун текшерүү үчүн атайын комиссия түзүүнү суранып Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганын билдирген.

Айрым серепчилер мындай жол менен Келдибеков сотту атайын создуктуруп жатат деп айтууда.

Соттук териштирүү 10-июлда башталмак. Бирок ошондон бери үч жолу түрдүү себептерден улам жылдырылып келатат. Бүгүнкүгө белгиленген отурум да Келдибеков бутуна байланыштуу келе албагандыктан болбой калды.(UEz/BkA)

XS
SM
MD
LG