Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны түзгөн Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракцияларынын лидерлери өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге кайрылып Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын мурдагы жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону суранды. Бул тууралуу коалиция бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.
Андагы маалыматка ылайык, буга чейинки коалиция экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин дирекцияны башкарып тургандагы мыйзамсыз иштеринен улам тараган. "Бирок буга карабай Сатыбалдиев менен бирге дирекцияда жооптуу кызматтарды ээлеп турган 12 адам азыр да жогорку кызматта экенин" коалиция өкүлдөрү тынчсыздануу менен билдирген. Мисал катары өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Жусупжан Жээнбеков, өкмөт аппаратынын жетекчи орун басары Кадаңбай Бактыгулов жана Каржы министрлигинин баалуу металлдар департаментинин башчысы Молдобазар Эркебаевдин ысымдары келтирген. Мындан улам фракция лидерлери Оторбаевден аталган жетекчилерди кызматтан алууну жана жоопкерчилигин кароону суранды.
Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы 18-мартта таркаган. Ага “Ата Мекен” фракциясынын "өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бул кызматты аркалоого моралдык-саясий укугу жок" деген жүйө менен коалициянын курамынан чыгып кетиши себеп болгон. (BkA)