Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Пан Ги Мун Израил жана палестиналыктарды жарашууга үндөдү


БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун шейшемби күнү Тел-Авив шаарына барган учурда Израил менен палестиналыктарды жарашууга, куралдуу салгылашууну токтотууга, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

Баш катчы салгылашууларда мерт кеткендер тууралуу сүрөт-тасмаларды көрүп, аянычтуу абалда калганын айтты.

Соңку маалыматтарга караганда, эки аптадан бери уланып жаткан ракета аркылуу жардырууларда өлгөндөрдүн саны 600гө чамалады. Алардын көбү палестиналык аялдар менен балдар.

ХАМАС уюмунун экстремисттик аракеттерине каршы Израил армиясынын абадан, деңизден жана жерден ракета аркылуу сокку уруулары 8-июлдан бери уланууда. (SE)

XS
SM
MD
LG