Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Нигерия президенти уурдалган кыздардын ата-энелери менен жолукту


Мамлекет башчы Гудлак Жонатан “Боко Харам” тобунун согушкерлерине кыздарын уурдаткан 200дөн ашуун ата-эне менен алгачкы ирет шейшембиде жолукту. Жолугушууга согушкерлердин колунан качып чыккан кыздардын жакындары да катышты.

Быйыл 14-апрелде “Боко Харамдын” активисттери Нигериянын түндүк-чыгышындагы Чибок аймагынан 276 окуучу кызды уурдап кеткен. Алардын 57си согушкерлердин колунан качып чыккан. 219 кыз дагы эле туткунда. Андан бери 11 ата-эне каза болду. Айрымдары жүрөгү кармап өлсө, кээ бирлери согушкерлердин айылдарга жасаган чабуулдарында мерт кеткен.

“Боко Харам” тобунун лидерлери уурдалган кыздарды камакта жаткан согушкерлерге алмаштыруу талабын коюшкан. Президент Жонатан бул сунушту четке кагып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG