Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Эреже бузган айдоочудан айыппул алуунун жаңы ыкмасы колдонулууда


Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочулардан айыппул алуунун жаңы ыкмасы колдонулууда. Бул тууралуу Коргоо кеңешинин төрагасынын орун басары Темир Жумакадыров бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, айыппулду жаңы эреже боюнча чогултуунун натыйжасында 3 миллион сомго жакын каражат түштү. Анын 25% Жол кайгуул кызматынын техникалык базасын чыңдоого жумшалганы жатат.

Жумакадыровдун белгилешинче, Жол кайгуул кызматында төрт коррупциялык зона жана алты коррупциялык көрүнүш аныкталган. Азыр жол эрежесин бузган айдоочулар айыппулду атайын карта менен төлөөдө. Бул үчүн 300гө жакын POS-терминал колдонулуп жатат. (ZB/BkA)

XS
SM
MD
LG