24-июлда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын жок. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 16...21, күндүз 26...31,
Таласта түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Баткенде түнкүсүн 16...21, күндүз 27...32,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 17...22, күндүз 29...34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 20...25,
Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...+3, күндүз 6...11 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 28…30 градус болот.