Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

БУУ башкатчысы Газадагы уруш токторуна үмүттөнөт


Газанын чыгышы Израилдин аба соккусунан кийин. 22-июль, 2014-жыл.
Газанын чыгышы Израилдин аба соккусунан кийин. 22-июль, 2014-жыл.

Пан Ги Мун бул тууралуу Иордандын Батыш жээгиндеги Рамалла шаарынан БУУнун Кооппсуздук кеңешине видео байланыш аркылуу маалымат берген учурунда айтты.

БУУ башкатчысы белгилегендей, ал аймактагы сапары Израиль менен ХАМАС кыймылынын урушу “жакынкы аралыкта” токтошуна алып барат деп үмүттөнөт.

Бул аралыкта АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри ХАМАСты Израиль менен чатагын сүйлөшүү жолу менен бүтүрүүгө чакырды.

Керринин айтымында, ал коңшу Египеттин бийликтери менен ок атышууну токтотуу сунушу боюнча конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жон Керри кошумчалагандай, ок атышуу токтогондон кийин тараптар жаңжаалдын түпкү себептерин чечүүгө умтулуш керек.

Израиль менен Палестинанын Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылынын эки аптадан берки согушунан кеминде 609 палестиналыктын өмүрү кыйылды. Алардын көпчүлүгү жайкын тургундар.

Израиль 27 жоокерин жана эки тургунун жоготту. Жөөт өкмөтү Газадагы операциясын ХАМАСтын ракета атууларынан коргонуу чарасы катары түшүндүрүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG