Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Жети саат "тез жардам" унаасында ташып жүрүшкөн бейтап каза тапты


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Тез жардам кызматынын директору Жаркынбек Касымбеков кабарлады. Анын айтымында, 22-июлда эртең мененки саат 10до өпкө артериясынын тромбоэмболия дартынан жабыркаган 29 жаштагы адам абалы оорлоп, "тез жардам" чакырган. Медициналык тез жардам кызматынын дарыгерлери аны алып шаардагы Улуттук госпитал баштаган бир нече ооруканага алып барган. Бирок ооруканалар каттоодо турган эмес деген жүйө менен кабыл алуудан баш тарткан. Бейтап 7 саатка жакын убакытты "тез жардам" унаасында өткөрүүгө мажбур болгон. Жыйынтыгында кеч курун шаардагы №6 оорукана кабыл алганн. Бирок абалы оорлоп кеткен жаран эсине келбей көз жумган.

Касымбековдун айтымында, акыркы учурда Бишкекте мындай көрүнүш көп катталууда. Бейтаптын оор абалын көргөн шаардагы ооруканалар ар кыл шылтоо менен аны кабыл алуудан баш тартып жатат.

Ушул жылдын май айында Тез жардам кызматы менен айрым ооруканалар кабыл алуудан баш тарткандан кийин 60 жаштагы адам каза тапкан. Бул окуя боюнча акыйкатчы атайын комиссия түзүп, иликтеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG