Маалыматтарга караганда, авиакаттамдар Кытайдын кеминде 12 аэропортунда, анын ичинде Шанхайдагы эл аралык аэропортто аскерий машыгуулардан улам кечигүү менен аткарылмакчы.
Бээжиндин коомдук коопсуздук бюросунун расмий блогундагы кабарда көргөзүлгөндөй, авиакаттамдардын кармалуусу 20-июлдан 15-августка чейинки мезгилге туш келүүдө.
Бирок “кеңири масштабда” деп айтылган бул аскерий машыгуулардын чоо-жайы белгисиз.
Кытайдын жарандык авиацияны тейлеген расмий өкүлдөрү жогорудагы маалыматты азырынча комментарийлей элек. Өзү жүргүнчүлөрдү эң көп тейлеген аэропорттор Кытайдын чыгышында жайгашкан.
Маселен, былтыр Шанхайдагы эки ири аэропорт: Хонгкьяо менен Пудонгдон 83 миллионго жакын жүргүнчү өткөн. (UE)