Бул тууралуу «Batken Travel Service» туристтик компаниясынын жетекчиси Жунусбек Каразаков бүгүн «Азаттыкка» билдирди.
Маалыматка ылайык ушул жылдын 31-июлунан 14-августка чейин Баткендин Геревшин тоосунда альпиниада өтөт. Мелдешти Орусиянын альпинисттер федерациясы уюштурууда. Акыркы 16 жылдан бери биринчи жолу өткөрүлүп жаткан иш-чарага 70тей альпинист жана 30 калыс келери күтүлүүдө.
Баткендин Геревшин тоолорунда 7В категориясына чейинки аскалар бар. Кыргызстандын аймагында эң кыйын аскалары бар тоо катары альпиниаданы үчүн ушул жер тандалган. Бирок мелдештин катышуучуларын аймакка жеткирүү маселеси оор бойдон калууда. Тик учак менен жеткирүү макулдашылып, акчасы төлөнгөнүнө карабай альпинисттер мелдеш өтчү жайга азыр ат-эшек менен жеткирилүүдө.
Адатта альпинисттерди тейлөөчү тик учак жакында Ысык-Көлдө кырсыктаган туристке жардам берүү үчүн барып, катуу шамалдан кулап түшүп, жараксыз болуп калган. (JsA)