Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Түлеевдин соту 23-жолу башка күнгө которулду


Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин иши 30-июлга калды. Бул тууралуу анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, 22-июлга белгиленген жараянга Түлеев менен бирге айыпталып жаткан мэрия кызматкерлеринин биринин саламаттыгы начарлаганына байланыштуу жылдырылды.

Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашкандай, ушуну менен Түлеевдин соту 23-жолу башка күнгө которулуп жатат.

Оппозициядагы депутат Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Бирок депутат ага макул болбой, шаардык сотко арызданган. Түлеев учурда УКМКнын тергөө абагында жатат. Өзү күнөөсүз экенин айтып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG