Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Өкмөт Орто-Токойдогу сууну үнөмдүү пайдалануу чечимин кабыл алды


Бүгүн кыргыз өкмөтү Орто-Токой суу сактагычындагы суунун азайып кеткенине байланыштуу жыйын өткөрдү. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында адистер менен кырдаалдан чыгуу жолдору талкууланды.

Маалыматка ылайык, учурда Орто-Токойдо суунун деңгээли абдан төмөндөп, 17 миллион куб метр суу калды. Бул сууну үнөмдүү пайдалануу менен кургакчылык маселеси курч турган Панфилов жана Жайыл райондоруна арбын берүү чечими кабыл алынды.

Орто-Токой суу сактагычы өлкөнүн түндүк аймактарын суу менен камсыздайт. Андагы суунун 25 пайызы Казакстанга берилет. Быйыл Кыргызстанда кургакчылыкка байланыштуу сугат суу маселеси курч турат. Буга чейин Суу чарба департаменти Кыргызстандын суу сактагычтарында запастын 30 пайызы гана калганын кабарлаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG