Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Бишкектеги брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү коопсуздук органдары жаңы коркунучтарга даяр болушу керек.
- Азыр согуштун формасы өзгөрүп, ага жөнөкөй жарандар тартылып жатат. Акыркы учурда алар жашыруун жүрүп, мурдагыдай салгылашкан эки тарап көрүнбөйт, - деди Алымкожоев.
Ошондуктан өлкөнүн коопсуздугун сактоо ушул сыяктуу жаңы түрлөргө даяр болушу керектигин Башкы штаб жетекчиси белгиледи. (BkA)