Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Ирактын жаңы президенти да күрт болот


Ирактын келерки президенти карыя күрт саясатчысы Фуад Масум болот. Анын талапкерлигин парламенттеги күрттөрдүн блогу 24-июлда колдоду. 2003-жылы Саддам Хусейн бийликтен кулатылгандан кийин жетишилген бейрасмий келишимге жараша президенттик пост күрттөргө өткөн.

Күрт парламентарийлеринин жабык жыйынында Бахрам Салихке караганда Фуад Масум көп добуш алды. 76 жаштагы Масум азыркы Ирак президенти Жалал Талабани сыяктуу эле "Күрдистан патриоттук союзу" партиясынан. Ирак парламенти жаңы президентти бүгүн кечинде шайлайт.

Эл аралык коомчулук парламентке кысым жасап, жаңы жетекчиликти создуктурбай шайлоону талап кылып жаткан.

XS
SM
MD
LG