Мындай кадам башкаруучу Болгария социалисттик партиясы 25-майда Европарламентке болгон шайлоодо өтө катуу жеңилгенине байланыштуу жана саясый кризисти токтотот деген үмүттө жасалды. Парламент өкмөткө байланыштуу чечимди бүгүн (24-июль) кабыл алат деп боолгонууда.
Пламен Орешарский башындагы өкмөт бийликте отурган 18 айда коррупцияга каршы массалык демонстрациялар өтүп, катуу суу ташкын жана банк кризиси болду. БСП өкмөттү түрк азчылыгынын Укук жана эркиндик үчүн кыймылы менен чогуу түзгөн. Бирок социалисттер 5-октябрда кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүгө макулдук берер замат түрктөрдүн партиясы өкмөттүн курамынан чыкты.