Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Башкаруучу коалиция сындаган дагы бир жетекчи кызматтан алынды


Каржы министрлигинин баалуу металлдар департаментинин башчысы Молдобазар Эркебаев кызматтан алынды. Мындай буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны түзгөн Социал-демократтар, “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракцияларынын лидерлери мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясын башкарып турганда аны менен кошо жетекчилик кызматта иштеген жарандар бүгүн да жооптуу орундарды аркалап жатканына тынчсыздануу билдирген.

Фракция лидерлери Сатыбалдиевдин орун басары болуп эмгектенген Жусупжан Жээнбеков өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү, Кадаңбай Бактыгулов өкмөт аппаратынын жетекчи орун басары, Молдобазар Эркебаев Каржы министрлигинин баалуу металлдар департаментинин башчысы болуп эмгектенип жатканын айтып, премьер-министрди аларды кызматтан алууга чакырган.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул адамдар кызматтан алынарын айткан. Кечээ Кадаңбай Бактыгулов иштен алынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG