Орозо айт майрамына байланыштуу 28-29-июль күндөрү Кыргызстанда дем алыш деп жарыяланды. Тийиштүү токтомго 23-июлда премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Беш күндүк тартипте иштеген мекеме-ишканалардын 28-июлдагы иш күнү 2-августка которулду.
Ыйык Рамазан айы 28-июлда аяктап, 29-июлда Орозо айт белгиленет. (SE)