Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:59

Бишкекте Газа тилкесинде мерт кеткендерге арналган көргөзмө ачылат


Тарых музейинде бүгүн ХАМАС уюму менен Израил армиясынын чабуулдарынан мерт кеткен палестиналык жайкын тургундардын элесине арналган сүрөт көргөзмөсү ачылат. Үч күнгө созулчу иш-чарага коюла турган сүрөттөр интернет булактарынан топтолгон. Бул тууралуу көргөзмөнү уюштуруп жаткандардын бири Руслан Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Көргөзмөнүн алкагында диний жана коомдук ишмерлер Газа тилкесиндеги абалды да талкуулашат.

Бишкекте жарандык активисттер 18-июль күнү да Израил бийлигине каршы “Мусулман мусулманга бир тууган” аттуу акция да өткөргөн.

8-июлдан бери уланып жаткан Израил менен ХАМАС уюмунун соккуларынан 800дөй адам набыт кетти, алардын көбү палестиналык жайкын тургундар. Ал эми Израил 35 аскерин жана тургунун жоготту. (SE)

XS
SM
MD
LG