Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Апрель соту: Суталинов күнөөсү далилденди


Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунда 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сот өкүмүн угузуу уланууда. Судья Дамир Оңолбеков иштин негиздөөчү бөлүгүн айтып жатат. Анда иш боюнча далилдер, жыйынтыктар жана сот өкүм чыгарууда таянган мыйзамдар айтылууда. Анын алкагында судья УКМКнын мурунку жетекчиси Мурат Суталиновду 7-апрел күнү аянтка топтолгон элге ок чыгарууга буйрук бергени далилденгенин билдирди. Буга чейин судья мурдагы президент Курманбек Бакиевдге, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиевге, анын орун басары Нурлан Темирбаевге, экс-премьер-министр Данияр Үсөновго коюлган айыптар далилденгенин билдирген болчу.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү башталганына 3,5 жылдан ашты. Айып мурунку президент Курманбек Бакиев баштаган 28 адамга тагылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG