Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Газада Израилдин соккусунан өмүрү кыйылгандар саны 800дөн ашты


Израиль палестиндердин ХАМАС кыймылынын ракета атууларынан коргонуу чарасы деп түшүндүргөн операцияга бүгүн 18 күнгө аяк басты.

Палестин лидерлери элди Иордандын Батыш жээгинде жөөт армиясынын операциясына каршы “кыжырдануу күнү” деп аталган нааразылык акциясын өткөрүүгө үндөөдө.

Бүгүнкү күнгө карата Израилдин сокку урууларынан өмүрү кыйылган палестиналыктар саны 800дөн ашса, жөөт тарап 35 жаранын жоготту.

Кечээ БУУнун Газадагы качкындар лагерине снаряд тийгенде, үч палестиналык курман болуп, 100 чактысы жаракат алган.

Газа секторунун түштүк ыптасында, палестин тарап билдиргендей, бүгүнкү аба соккудан эки жаш аялдын өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG