Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Транспорт министрлигинин статс-катчысы пара алды деген шек менен кармалды


Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда Жалал-Абад облустук курулуш башкармалыгы 2010 - 2013-жылдары бюджеттеги 22 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз колдонгон. Анын 5 миллион сомун Транспорт жана Коммуникация министрлигинин жооптуу адамдары пара катары алып турган. Бул боюнча быйыл июнь айында Кылмыш кодексинин “Коррупция” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Анын алкагында бүгүн аталган министрликтин статс-катчысы кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG