Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Башкы прокуратура депутат Бекешовдун кайрылуусуна жооп кайтарды


Башкы прокуратура биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин инисине таандык "Гардиент", Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевге таандык "Неман-Фарм" ишканалары бир нече тендерге катышып, уткандыгын, бул аракеттер саясий кызматтагыларга чектөө киргизилгенге чейин ишке ашканын аныктады.

Ошондой эле башкы прокуратура президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сейитбек менен Сейтекке таандык "Автомаш-Энерго" компаниясынын лицензиясы 2003-жылы мыйзамга ылайык алынгандыгын тастыктап, ал эми «Автомаш – радиатор" ишканасы президенттин үй-бүлөсүнө тиешеси жок деп, бул компания да тендерлерге мурда катышып жүргөнүн билдирди.

Башкы көзөмөл орган мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун кайрылуусунун негизинде таратты. Депутат Бекешов саясий кызматтагы адамдарга тиешелүү саналган компаниялардын тендерлерге катышкан-катышпаганын тактап берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылган. Депутаттын демилгеси менен Жогорку Кеңеш саясий кызматтагы адамдардын тендерлерге катышуусуна тыюу салган мыйзам кабыл алып, ага президент Алмазбек Атамбаев 18-майда кол койгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG