Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Украина антитеррордук операция башталгандан бери 325 аскерин жоготту


Бул тууралуу бүгүн украин бийликтери кабарлашты. Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Андрей Лысенконун айтымында, Донецк жана Луганск облустарында антитеррордук операция башталган эки айдан ашуун убакыттан бери армия 325 жоокерин жана офицерин жоготту. Мындан сырткары 1232 жоокер жана офицер жаракат алган.

Өлкө чыгышындагы жикчилерге каршы антитеррордук операция расмий түрдө 15-апрелде башталган. Андан бери жүздөгөн согушкерлердин жана ондогон жөн-жай тургундардын да өмүрү кыйылды деп эсептелет.

Бул аралыкта БУУнун Качкындар иши боюнча комиссариаты өлкө чыгышындагы уруштардан улам Украинада 230 миңдей киши үй жайын таштоого аргасыз болгонун жарыялады.

Комиссариаттын маалыматына караганда, алардын 100 миңдейи өлкө ичинде жер которсо, 130 миңи Оруcияга көчкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG