Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

АКШ менен Орусия Украинага байланыштуу бири-бирин айыптады


АКШ Коргоо министрлиги- Пентагон Орусия бир учурда бир нече ракета атуучу системаларды жикчилерге азыр дагы бере алуусу мүмкүндүгүн айтып чыкты.

Пентагондун басма сөз катчысы Стив Уоррен белгилегендей, алардын маалыматына караганда, Орусия ракета атуучу татаал жана оор жабдууларын чек арага жакын жылдырган.

Мунун алдында АКШ Мамлекеттик департаменти Орусия украин армиясын артиллериядан атып жатканынын далилдери бардыгын, Москва жикчилерге дагы курал берүү ниетинде экенин маалымдаган эле.

Ал эми Москва Вашингтонду “жалаа жабуу” өнөктүгүн жүргүзүп жатканы үчүн айыптады.

Орус тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө көргөзүлгөндөй, АКШ эл аралык коомдук пикирге “негизсиз коомдук инсинуациялар” аркылуу таасир көргөзүүгө умтулууда.

Орус тышкы иштер министрлиги АКШ Украинадагы "антиконституциялык төңкөрүштү" колдогондуктан өлкөдөгү кан төгүү үчүн “толугу менен жоопкер” деп эсептейт. (UE)

XS
SM
MD
LG