Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Орус чиркөөсүнүн жаңы епискобу дайындалды


Орус чиркөөсүнүн жаңы епискобу болуп Даниил (Семён Кузнецов) дайындалды. Бул маалыматты ”Азаттыкка” Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын башчысы Александр Пелин тастыктады. Жаңы дайындалган епископ 1980-жылы Орусиянын Киров облусунда төрөлгөн. Буга чейин ал бир катар диний мекемелерде иштеп, Вятский диний окуу жайында проректор, ректор болгон.

Ушул айдын башында Бишкектеги орус чиркөөсүнүн епискобу Феодосийге нааразылыктар күчөп, ал өлкөдөн чыгып кеткен. Чиркөөгө сыйынган айрым адамдар епископ чиркөөнүн мүлктөрүн өз билгендей пайдаланып жатат деп нааразы болуп, өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча комиссияга жана Ички иштер министрлигине арызданышкан болчу. Аталган комиссия арыздар боюнча мекемелер аралык комиссия түзүп, чиркөөнүн ишмердүүлүгүн текшерип чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG