Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Ооганстанда полиция башчысынын үйүнө чабуул жасалды


Ооганстандагы Кандагар провинциясынын полиция башчысы Абдул Разектин үйүнө талибдер чабуул коюшту. Кол салуудан бир жай тургун жана полиция кызматкери каза болду. Жергиликтүү полициянын өкүлү Зия Дурани билдиргендей, 6 жанкечти Разектин үйүнө кирүүгө аракет кылышкан.

Полиция менен атышуу учурунда кол салган талибдердин баары жок кылынды. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти Талибан кыймылы өзүнө алды. Ооганстанда талибдер өкмөттүк жана НАТО күчтөрүнө кол салган учурлар көп кездешет.

XS
SM
MD
LG