Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Ак-Сай менен Ворухтун ортосундагы чек арачылар чыгарылды


Баткендеги Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын ортосундагы аймакка көзөмөл кылган аскерлер алынды. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, кечээтен тарта эки айыл аймагында көзөмөл кылган аскерлер чыгарылды. Мындай чечим 25-июлда өткөн Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынды деп түшүндүрүшкөн.

Жолчиев аскерлер чыгарылаары менен эле чырлуу окуя орун алганын кошумчалады. Анда чек арага жакын көчөдөн өтүп бараткан аксайлык эки тургунду ворухтуктар токтотуп, опузалоо менен чөнтөк телефонун тартып алган. Бул боюнча эки тараптын активдери жолугуп, бейбаштык кылган адамдар аныкталганын Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибраимов “Азаттыкка” маалымдады.

Ал эми Чек ара кызматынан чындыгында эле 25-июлда эки өлкөнүн башкы чек арачылары жолугушканын тастыктап, Ак-Сайдагы чек арачылардын чыгарылышын себеби боюнча кийинчирээк маалымат берилээрин кабарлашты. (JsA/BkA)

XS
SM
MD
LG