Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Орозо айт айдын жаңырышына карата аныкталат

Айдын жаңырышына жараша Орозо айт 28-июлда болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов билдирди. Анын айтымында, календардык, космостук эсептөөлөр боюнча айдын жаңырышы 29-июль деп күтүлүп жатат. Ошондуктан муфтият бул күндү Орозо айт деп белгилеген. Бирок ай бүгүн жаңырып калса, муфтий Максат ажы Токтомушев телекөрсөтүү аркылуу айттын так күнү тууралуу коомчулукка кабар бермекчи.

28-июлда орозо айт болушу боюнча ыктымал аз. Ошентсе да, биз айдын жаңырышын карап, кошумча маалымат бермекчибиз, - деди Эратов

Мындан эки жыл мурун да ушундай абал жаралып, Орозо айттан кабарсыз калган бир катар адамдар нааразылыгын билдирген эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG