Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Сирияда халифатчылар аскер базасын басып алышты


Сириялык көзөмөл тобу билдиргендей, Ирак менен Сириядагы исламдык мамлекет деп аталган уюшма 50 аскерди өлтүрсө, дагы 19 аскер жанкечтинин чабуулунан набыт кетти. Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө тобунун маалымдашынча, түндүктөгү Рака дубанындагы кол салууда дагы 16 аскердин өмүрү кыйылды. 200 аскердин тагдыры белгисиз. Жихадчылар көчөдө жаткан аскерлер деп, бир топ сүрөттөрдү интернет сайтына чыгарышты. Ушул аптада Бириккен улуттар уюмунун Сирия боюнча комиссиясы Ирак менен Сирияда халифат жарыялагандар согуш кылмыштары үчүн айыпталгандардын "кара тизмесине" кириши мүмкүн экендигин эскерткен.

XS
SM
MD
LG