Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында берилген сегиз миллион добушту кайра саноо бир нече күнгө токтотулгандыгын билдирди. Комиссиянын төрагасы Ахмад Юсуф Нуристани санак орозо айты аяктаганга чейин токтоп жаткандыгын журналисттерге маалымдады. Айт Ооганстанда 28-июлда башталып, төрт күнгө созулат. Нуристани ал арада президенттик атаандааштар Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани мунасага келишет деген үмүтүн билдирди.
17-июнда башталган жаңы санак үч жумага созулмак, бирок он күндөн бери добуштардын төрт пайызы гана саналды.