Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Баткен: жол курулушуна байланыштуу түшүндүрмө бериле элек


Баткендеги Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтчү Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык жолунун курулушу эмне үчүн жанданбай жатканы тууралуу өкмөт түшүндүрмө бере элек. Буга чейин кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” аталган жолду куруу иштери өткөн жуманын аягына чейин башталаарын билдирген эле. Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев кабарлагандай, азырынча эч кандай аракеттер байкала элек.

Жалпы узундугу 25 чакырымдай жолдун курулушу былтыр апрелде башталган. Бирок тажик тараптын ага каршылыгынан улам бир нече жолу жаңжал чыгып, токтоп калган.

22-июлда өкмөттө бул боюнча атайын жыйын болуп, жолдун курулушун жандантуу чечими кабыл алынган. Жумуш неге айтылган убагында башталбай жатканы боюнча өкмөт комментарий бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG