Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Ливиядагы салгылашууларда ондогон кишилер каза болду


Ливиянын чыгышындагы Бенгази шаарында өкмөт аскерлери менен исламчыл топ өкүлдөрүнүн салгылашуусу соңку бир суткада 38 кишинин өмүрүн кыйды. Алардын көбү аскерлер экени айтылууда.

Бийлик тараткан маалыматка ылайык, жаңжал ишемби күнү исламчылдар тарабынан Куралдуу күчтөрдүн шаар борборундагы атайын бөлүгүнө чабуул жасалгандан соң башталган.

Ливиянын борбору Триполи шаарындагы эл аралык аэропорттун айланасындагы салгылашууларда болсо 23 киши мерт кетти.

АКШ бийлиги оор жагдайга байланыштуу Триполидеги элчилик кызматкерлерин Туниске чыгарып кетти. Түркия өкмөтү да Ливиядагы элчиканасын убактылуу жаап койду. Мурдараак мамлекеттен БУУнун бүт кызматкерлери чыгып кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG